Мамлекеттик тилдин билим берүү мейкиндигиндеги орду талкууланды

2025-жылдын 19-июнунда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасында 2026–2028-жылдарга карата Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын долбоору боюнча талкуу болуп өттү.

Иш-чарага университеттин ректору, профессор Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, кафедра башчылары жана тил саясатына тиешеси бар адистер катышты.

Талкууда мамлекеттик тилди билим берүү чөйрөсүндө активдүү колдонуу, окутуунун сапатын жогорулатуу, методикалык базаны жаңылоо жана тил саясатын турмушка ашырууда жогорку окуу жайларынын орду тууралуу маселелер көтөрүлдү. Катышуучулар Программанын долбооруна карата өз ойлорун жана сунуштарын билдиришти.

Бул жолугушуу билим берүү мейкиндигинде мамлекеттик тилдин ордун бекемдөө багытталды.

Архив