Мамлекеттик тилди колдонууга байланышкан мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты
Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору жана «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорлорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырды.
Конституциялык мыйзам долбоорунун максаты «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына талдоонун негизинде аныкталган зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аталган конституциялык Мыйзамда каралган ченемдерге Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарынын ченемдерин шайкеш келтирүү болуп саналат. Ал эми мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуу чөйрөсүн жөнгө салган айрым мыйзамдарды «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына шайкеш келтирүүнү көздөйт.

Архив