Улуттук комиссиянын төрагасы Уңгужолду Жайыл районунда тааныштырды

Бүгүн 26-июнда  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 18-декабрында кол коюлган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында Жайыл районунда жыйын болуп өттү.

Иш-чарага район аймагындагы мамлекеттик мекемелердин, билим берүү уюмдарынын, маданий мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйынды Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Имамназар Бурканов ачып, Уңгужол — бул Кыргыз Республикасынын улуттук өнүгүүсүнүн стратегиялык жол картасы экенин баса белгиледи.

Жыйындын негизги баяндамачысы — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев болду. Ал Жарлык тууралуу кеңири маалымат берип, “Тил — Уңгужолдун өзөгү, улуттун ар намысы жана улуттук бийиктикке жетүүнүн башкы шарттарынын бири” экенин баса белгиледи.

Жыйын соңунда Жайыл районунда Уңгужолду жайылтуу багытында көрүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилип, катышуучулар бул демилгени иш жүзүндө жүзөгө ашыруунун жолдору боюнча сунуштарын ортого салышты.

Архив