Ош шаарында “Кыргыз таануу” сабагы өтүп, АЙТИЛ платформасы тааныштырылды

Бүгүн 27-июнда Ош шаарында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана улуттук маданий баалуулуктарды жайылтуу максатында “Салттын тереңдиги, кааданын орду” аталышындагы “Кыргыз таануу” сабагы өтүп, АЙТИЛ платформасы тааныштырылды.

Иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин өкүлдөрү, мугалимдер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

“Кыргыз таануу” сабагынын максаты – жаштарга мамлекеттик тилди үйрөтүү, улуттук каада-салттарды, тарыхты жана маданий мурастарды таанытуу. 

Ошону менен бирге иш-чарада мамлекеттик тилди заманбап ыкмалар менен үйрөнүүгө багытталган АЙТИЛ платформасынын (aitil.kg) мүмкүнчүлүктөрү сунушталды.

Бул платформа – кыргыз тилине негизделген алгачкы улуттук жасалма интеллект платформасы болуп эсептелет.

АЙТИЛ төмөнкү негизги кызматтарды сунуштайт:

            •          📖 Текстти үнгө айландыруу – каалаган текстти табигый үндө окуп берет;

            •          🎙 Үндү текстке айландыруу – маек жана баяндамаларды автоматтык түрдө текстке өткөрөт;

            •          🌐 Котормо кызматы – он тилден кыргызчага жана кыргызчадан он тилге которуу мүмкүнчүлүгү;

            •          💬 Чат-бот – кыргызча иштеген акылдуу жардамчы, суроолорго жооп берет;

            •          🎥 Видео котормо кызматы – видео шилтемелерди чечмелеп, мазмунун кыргыз тилине которот;

            •          🖼 Кыргызча OCR – документ же сүрөттөрдөн кыргыз тилиндеги текстти чыгарып берет.

Улуттук комиссиянын Мелис Мураталиев бул платформа аркылуу тил үйрөнүүнүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болорун белгиледи.

Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бул сыяктуу иш-чараларды колдоого даяр экенин билдирди.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар “Кыргыз таануу” сабагы жана АЙТИЛ платформасы мамлекеттик тилди терең үйрөтүүгө жана улуттук аң-сезимди чыңдоого чоң салым кошо турганын белгилешти.

Архив