Улуттук комиссиянын төрагасы ОшМПУнун профессордук-окутуучулар жамааты менен жолугушту


Бүгүн 27-июнда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жамааты менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чарада жогорку окуу жайларда мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тил саясатын сапаттуу ишке ашыруу жана мугалимдер менен студенттердин тил маданиятын жогорулатуу маселелери талкууланды.

ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев университет тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган аракеттер тууралуу маалымат берип, мамлекеттик тилде билим берүү сапатын жакшыртуу, кыргыз тилдүү окуу материалдарын көбөйтүү жана тил чөйрөсүн кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. 

Жолугушуунун алкагында Улуттук комиссиянын төрагасы "АЙТИЛ" платформасын тааныштырды. Бул платформа -  кыргыз тилине негизделген алгачкы улуттук жасалма интеллект платформасы болуп эсептелет жана мамлекеттик тилди колдонууну кеңейтүүдө маанилүү санариптик курал катары сунушталууда.

"АЙТИЛ" платформасынын негизги мүмкүнчүлүктөрү төмөнкүлөр:

    •    📖 Текстти үнгө айландыруу – каалаган текстти табигый үндө окуп берет;

    •    🎙 Үндү текстке айландыруу – маектерди, баяндамаларды жана башка үн материалдарын автоматтык түрдө текстке өткөрөт;

    •    🌐 Котормо кызматы – он тилден кыргызчага жана кыргызчадан он тилге которуу мүмкүнчүлүгү;

    •    💬 Чат-бот – кыргызча иштеген акылдуу жардамчы, суроолорго жооп берип, кеңеш берет;

    •    🎥 Видео котормо кызматы – видео шилтемелерди чечмелеп, мазмунун кыргыз тилине которот;

    •    🖼 Кыргызча OCR (оптикалык текст таануу) – сүрөт же документтерден кыргызча текстти чыгарып берет.

Платформа жарандардын кыргыз тилин үйрөнүүсүнө жана күнүмдүк турмушта активдүү колдонууга чоң жардам берери белгиленди. ОшМПУнун жамааты "АЙТИЛ"  платформасын окуу процессине интеграциялоо жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу багытында колдонууга даяр экенин билдирди.

Архив