Бүгүн 27-июнда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жамааты менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйынга университеттин ректору Мамасыдыков Абдилбает Асанович конокторду тосуп алып, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен тааныштырды.
Жолугушуунун алкагында Улуттук комиссиянын төрагасы “Айтил” (aitil.kg) платформасын жана Document.gov.kg сайтын тааныштырды.
Айтил – улуттук жасалма интеллект платформасы
“Айтил” – кыргыз тилине негизделген алгачкы улуттук жасалма интеллект платформасы. Ал жарандардын мамлекеттик тилди үйрөнүүсүнө, колдонуусуна жана санарип чөйрөдө өнүктүрүүсүнө шарт түзөт.
Платформанын негизги кызматтары:
• 📖 Текстти үнгө айландыруу – текстти табигый үндө окуп берет;
• 🎙 Үндү текстке айландыруу – аудио жана видеону автоматтык түрдө жазмага өткөрөт;
• 🌐 Котормо кызматы – кыргызча жана он тилдин ортосунда которуу;
• 💬 Чат-бот – кыргызча акылдуу жардамчы, суроолорго жооп берет;
• 🎥 Видео котормо – видеолордун мазмунун кыргызчага чечмелейт;
• 🖼 OCR – сүрөт жана документтерден кыргызча текстти чыгарып берет.
Document.gov.kg – мамлекеттик тилдеги иш кагаздар порталы
Ошондой эле катышуучуларга Document.gov.kg порталы тааныштырылды. Бул платформа мамлекеттик жана муниципалдык органдар, билим берүү мекемелери, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандар үчүн мамлекеттик тилдеги иш кагаздарынын стандарттуу үлгүлөрүн, нускаларын жана талаптарын акысыз пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Портал төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:
• 📂 Иш кагаздарынын үлгүлөрү (арыз, буйрук, токтом, мүнөздөмө ж.б.);
• 📝 Жазуу жана иш кагаздарын туура жүргүзүү боюнча колдонмолор;
• 🔍 Издөө жана жүктөө функциясы – керектүү документти оңой табууга мүмкүнчүлүк.
Жолугушуунун соңунда КӨЭУнун жамааты аталган платформаларды билим берүү жана башкаруу иштерине активдүү киргизүүгө даяр экенин билдиришти.