Бүгүн, 4-июлда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгын тааныштырып, сабак өттү.
Төрага баяндамасында улуттук баалуулуктарды сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана коомду бир багытта бириктирүү максатында түзүлгөн стратегикалык документ экендигин белгиледи.
Сабакта улуттук идеологиянын маанилүүлүгү, анын коомду бириктирүүчү күч катары ролу, ошондой эле улуттук маданиятты жана тилибизди сактоо жана өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер жеткирилди.
Сабакка катышкан кызматкерлер улуттук баалуулуктарды күчөтүү жана мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүү жаатындагы иштер боюнча кенен түшүнүк алышты.