Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Президенттин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – Манас эпосунун үчилтигин (Манас, Семетей, Сейтек эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында өзгөчө мааниге ээ болгон «Көчмөн маданият ааламы» долбоорун улантууда.
«Көчмөн маданият ааламы» - белгилүү кыргыз архитектору Ороз Байгожоевдин байыркы кыргыз символдорун изилдөөнүн негизинде жаратылган графикалык сүрөттөр сериясы болуп, көчмөн маданияттын үч негизги тирегин өзгөчө чагылдырган уникалдуу философиялык эмгек катары бааланат.
Бул демилгени Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев колдоого алып, жаш муунга улуттук баалуулуктарды жана көчмөн дүйнөнүн терең маңызын жеткирүү максатында ишке ашырууда.
Долбоордун алгачкы сабагы “Жаакер” этнолагеринде өткөн болсо, экинчи сабагы бүгүн, 23-июлда, Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Жаңы муун билим берүү» лагеринде Калмурат кызы Турсунай тарабынан өткөрүлдү.
Балдар семинардын жүрүшүндө Манас үчилтиги тууралуу кеңири маалымат алышып, Улуттук комиссия иштеп чыккан Aitil.kg жасалма интеллект платформасын колдонуп, Манас үчилтиги боюнча жаралган суроолорду санарип чөйрөдө талдап көрүштү.
Талкуу мамлекеттик тилде улантылып, балдар эпосто колдонулган айрым унутулуп бараткан сөздөрдү, жаңы терминдерди үйрөнүп, маанисин так түшүнүшүп, аларды өздөрүнө белгилеп, эми күнүмдүк сүйлөшүүдө колдонушаарын айтышты.
Сабактын жыйынтыгында балдар коомчулукту, Ысык-Көлдө эс алып жаткан конокторду жана социалдык тармак колдонуучуларын Ысык-Көлдүн аталышын туура - «Ысык-Көл» деп жазууга үндөп, атайын демилге көтөрүштү.
Улуттук комиссия бул долбоор аркылуу жаш муунду ата-бабалардан калган акылмандык, көчмөн элдин бай маданий мурасы жана заманбап технологияларды айкалыштырып, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү максат кылат.

Көчмөн дүйнө менен жаңы муундун ортосундагы көпүрө бекем болсун!