Бүгүн, 25-июлда Бишкек шаарында «Кайрыктар Казынасы» коомдук бирикмесинин Биринчи Эл аралык адабий курултайынын ачылышы өтүп, иш-чарага мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, көрүнүктүү калемгерлер, маданият ишмерлери жана чет өлкөлөрдөн келген коноктор, аймактардан келген мүчөлөрү катышты.
Курултайдын жүрүшүндө «Кайрыктар Казынасы» коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн автордук жана альманах китептеринин көргөзмөсү уюштурулуп, катышуучуларга бирикменин максаттары, жетишкендиктери жана келечек пландары тууралуу кеңири маалымат берилди.
Иш-чаранын демилгечиси жана «Москва Кайрыктарынын» негиздөөчүсү, «Кайрыктар Казынасы» коомдук бирикмесинин төрагасы Багыт Шериевич Бапанов катышуучуларды куттуктап, уюмдун башкы максаты - адабият аркылуу улуттук баалуулуктарды сактоо, жаш калемгерлерди колдоо жана эл аралык алаканы бекемдөө экенин белгиледи.
Аталган иш-чарага Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев да катышып, курултайдын маанисин белгилеп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, тил менен адабияттын ажырагыс байланышы тууралуу белгилеп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Кайрыктар Казынасы» коомдук бирикмесинин сунушу менен бир катар мүчөлөр Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын «Ардак грамотасы» менен сыйланышты.
Алар:
• Байзакова Зулайка Осмонакуновна
• Мамажанова Тазагүл Жаанбаевна
• Абдылдаева Гүлнара Жакшылыковна
• Туташбаева Уулкан Абдыкадыровна
• Кашкариева Замира Гуламидиновна
Бул сыйлыктар алардын мамлекеттик тилди жана улуттук адабиятты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн тапшырылды.
Эскерте кетсек, бул иш-чара 26-июлда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада уланып, катышуучулар үчүн адабий талкуулар жана мастер-класстар уюштурулат жана Улуттук комиссиянын кызматкерлери тарабынан да атайын баяндама жасалып, санарип дүйнөдөгү поэзиянын орду тууралуу маалымат берилет.
«Кайрыктар Казынасы» коомдук бирикмеси улуттук тилди жана адабиятты сактоону, жаш калемгерлерди колдоону жана кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууну негизги багыт катары тандайт.