Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Төрөкул Жанузаковду эскерүү иш-чарасы болуп өттү

2025-жылдын 26-июлунда Талас районунун Талды-Булак айылында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Төрөкул Жанузаковду эскерүү иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен өткөрүлүп, иш-чарага Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев ошондой эле бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.

Салтанат К.Медетбеков атындагы Талас облустук драм театрынын артисттеринин театралдык прологу менен ачылып, Төрөкул Жанузаковдун кыргыз эли үчүн сиңирген ак эмгеги ардак менен даңазаланды. Эл акыны Амантай Кутманалиев өзүнүн чыгармасы аркылуу мекенчил инсандын ысымын дагы бир ирет эл эсине салды.

Мелис Мураталиев өз сөзүндө Төрөкул Жанузаковдун мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү жана улуттук баалуулуктарды сактоодогу ордуна токтолуп, анын эл үчүн жасаган кызматы ар дайым урмат-сый менен эскерилерин белгиледи.

Маданий иш-чара алкагында Манас, Айтматов, Бакай-Ата, Талас райондорунун жана Талас шаарынын кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү, улуттук тамак-аш жарманкеси уюштурулду. Ошондой эле опера ырчысы Кубаныч Атамбаев жана жергиликтүү маданият кызматкерлери концерттик программа тартуулады.

Эскерүү иш-чарасынын алкагында Жанузаковдун агайын-туугандары тарабынан ат оюндары жана улуттук салбуурун оюнунун чоң мелдеши өткөрүлдү.

Архив