Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Аталган конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарынын ченемдерин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында даярдалган, атап айтканда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматчылары, соттор, прокурорлор мамлекеттик тилди билүүсү боюнча талаптар белгилеген.
Ошондой эле, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында:
– жарнаманын мамлекеттик тилде даярдалган тексти тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жана орфографиялык эрежелерге ылайык келиши боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылууга тийиш экендиги белгиленет;
– мамлекеттик тилдеги аудиовизуалдык жана/же музыкалык жана башка берүүлөрүнүн жана уктурууларынын милдеттүү (минималдуу) көлөмү 60 пайыздан кем болбошу керектиги аныкталган ж.б.