Баткенде “Дин тармагында иш кагаздары жана улуттук нарк” аттуу семинар өттү
Баткен облусунун мусулмандар казыятынын имаратында “Дин тармагында иш кагаздары жана улуттук нарк”, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" КР конституциялык Мыйзамы темасында семинар болуп өттү.


 Иш-чараны Баткен облустук мусулмандар казыятынын кадрлар жана катчылык бөлүмү уюштурган. Семинар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Баткен облусундагы өкүлү жана Баткен облустук мамлекеттик архиви менен биргеликте өткөрүлдү.


Иш-чаранын негизги максаты — дин тармагында иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жана так жүргүзүү, дин кызматкерлерине “Кыргыз жараны” жана “Улуттук нарк” концепцияларынын өзөк идеяларын түшүндүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" КР конституциялык Мыйзамынын талаптарын иш жүзүндө аткарууну камсыз кылуу болуп саналат.


Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров кайрылып, иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп өттү. Андан соң Мамлекеттик тил комиссиянын өкүлү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" КР конституциялык Мыйзамы, Айтил улуттук платформасы, “Кыргыз жараны” жана “Улуттук нарк” концепциялары жана  боюнча маалымат берип, бул багыттагы талаптарга токтолду. Баткен облустук мамлекеттик архивдин кызматкери болсо иш кагаздарын жүргүзүүдө типтүү нускамага ылайык иш алып баруу жол-жоболору жөнүндө айтып берди.


Семинар практикалык сабак жана суроо-жооп форматында улантылды. Катышуучулар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, иш кагаздарын жүргүзүүдө кездешкен айрым көйгөйлөрдү талкуулашты.
Архив