Улуттук комиссиянын Кеңешме органынын жыйыны өттү
Бүгүн 26-августта Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Кеңешме органынын кезектеги жыйыны өттү.


Жыйында:


 1. Мамлекеттик тил жаатындагы мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр жана кыргыз тилинин орфографиялык, орфоэпиялык эрежелерин иштеп чыгуу боюнча маалымат угулду.


 2. Кыргыз Республикасында 2026–2028-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоору талкууланып, Кеңешме органдын мүчөлөрү тарабынан сунуштар берилди.


Кереге кеңеште Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев баяндама жасап, күн тартибинде каралып жаткан маселелер боюнча маалымат берди.
Архив