Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленди
Бүгүн, 23-сентябрда Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залында Мамлекеттик тил күнүн салтанаттуу белгиледи.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы М. Иманкулов катышып, мамлекеттик тилдин коомдогу орду жана мааниси тууралуу кеңири баяндама жасады.
Мындан тышкары, Улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдоо багытындагы иштер жөнүндө маалымат берип, Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору тарабынан жарык көргөн жаңы 26 китепти тааныштырды.
Ошондой эле Улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн жыйынтыгынын негизинде алдыңкы беш мекемеге “Кыргыз тили” төш белгиси ыйгарылды. 
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жигердүү салым кошкон ар кыл тармактын өкүлдөрү Ардак грамоталар жана Алкыш баракчалары менен сыйланышты.
Мамлекеттик тил - Кыргыз Республикасынын жарандарынын орток баалуулугу!
Архив