Мамлекеттик тил күнү Ысык-Көл облусунда белгиленди

2025-жылдын 23-сентябрында Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын  Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү А.И. Супатаева катышып, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн Улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды. 


“Кыргыз тили” төш белгиси менен:

1.      Асаналиева Кыял Айбашевна – Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасынын доценти;

2.      Ракымбек кызы Гүлира - Түп районунун Бакай Королиев мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.


Ардак грамотасы менен:

1.      Толубаева Чолпон Дердеңбаевна - Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасынын доценти;

2.      Турусбекова Роза Айтбаевна - Түп районунун № 16 жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

3.      Торгоева Зейнеп Каликеновна - Балыкчы шаарынын № 7 жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили, адабияты мугалими; 

4.      Сабыр уулу Амангелди - Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын Азис Салиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили, адабияты мугалими;

5.      Түмөнбаева Жазгүл Абдылдакуновна – Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу.

6.      Нурдалиева Жылдызгүл - Ак-Суу районунун Аман Айтпаев мектебинин музыка жана башталгыч классынын мугалими;

7.       Жунусова Нуржаз Асанбековна - Түп районунун Марат Темиров атындагы жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

8. Абдыкасымова Жылдыз Акиликовна - Ысык-Көл районунун Тамчы жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили, адабияты мугалими.

9. Алдашева Алмира Алиевна – Ысык-Көл районунун жалпы дарыгерлик практика борборунун директору;

10. Мусаева Дамира Султановна – Балыкчы шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунун директору.


Алкыш жарыялансын:

1.      Төлөгөнова Кыял Конокбаевна Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын анализ жүргүзүү жана чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

2.      Кадиев Камчыбек Зарылбекович - Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын инспектордук иштери боюнча башкы адиси;

3.   Такырбашева Айнура Дамировна - Каракол шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча адиси; 

4.        Апиева Насил Октябревна - Каракол шаарынын №11 жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.



Архив