Мамлекеттик тил күнү Бишкек шаарында белгиленди

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын  Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы М.К. Мураталиев катышып, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн Улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды.


“Кыргыз тили” төш белгиси менен:


1.      Кенжегозуева Данагүл Карабековна - Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башкы адиси;

2.      Темирбекова Зарина Маматкалиловна - Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;


Ардак грамота менен:


1. Рахимова Төлөбүбү Касеновна -  Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасынын мамлекеттик тил боюнча адиси;

2. Мамытова Нүргүл Шакидиновна – Бишкек шаарынын Шаардык чарба департементинин иш кагаздарын жүргүзүү жана мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси;

3. Төлөгөнова Рахат Молдокматовна – Бишкек шаарынын № 207 муниципалдык аймактык башкармалыгынын мекемесинин уюштуруу, кадр жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адиси;

4. Ибраимова Эльмира Болотовна – Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын документ жүгүртүү жана системалык башкаруу бөлүмүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча башкы адиси;

5. Кашкаева Айзада Сабыркуловна – Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

6. Джеентаева Апал Абдыкеримовна – Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгында шаардык иш-чараларды өткөрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

7. Тилегенов Бакыт Сабырович - Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси;

8. Байбекова Света Сатыевна - Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси;

9. Туранова Эркайым Алмасбековна - Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департементинин документтик жана кадрдык камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

Архив