М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу-драма театрында Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Айзаратбек Эсенов катышып 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн Улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды.
“Кыргыз тили” төш белгиси менен:
- Искендерова Гүлзина Дайырбековна - Кочкор районунун Турдакун Усубалиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
Ардак грамотасы менен:
- Исабеков Тилек Асанакунович – С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору;
- Мукашева Нурзада Мукашевна – Нарын шаарынын мэриясынын аппаратынын жетектөөчү адиси;
- Байгабатова Анара Казакбаевна - Нарын облустук китепканасынын директору;
- Осумбекова Ороз Зиядиновна - Нарын районунун Актан Тыныбек атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- Жээнбаева Айнура Курманбаевна - Ак-Талаа районунун Насипа Жыргалбекова атындагыгы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- Осмонкулов Нурадин Райымкулович - Нарын шаарынын № 87 кесиптик лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- Калиева Таттыгүл Касымкуловна - Кочкор районунун “Барчын-Уя” бала бакчасынын тарбиячысы;
- Бейшеева Салтанат Жумашевна - Ат-Башы районунун Токтомуш Адыраңов атындагы орто мектебинин кыргыз тил жана адабияты мугалими;
- Турсуналиева Мээрим Ишеналиевна - Борбордук Азия университетинин чет өлкөлүк жана кыргыз студенттер үчүн кыргыз тили окутуучусу;
- Айрыгымова Дамира Баймурзаевна - Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башкы адиси;
- Бугубаев Кадыркул - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын коомдук башталыштагы кеңешчиси;
Алкыш жарыяланды:
- Тентиев Мирбек Жоодатбекович - Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси;
- Бабаева Назира Муратбековна - Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу;
- Усенова Анара Караталовна - Нарын шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси;
- Үмөталиев Канатбек Жусупбекович - Ат-Башы районунун мамлекекттик администрациясынын жетектөөчү адиси.