Баткен облусунун аймагында Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү Асылбек Орозов жана Динара Жолмат кызы катышып, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн Улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды.
“Кыргыз тили” төш белгиси менен:
1. Исакова Бүайша Маманазаровна – Кадамжай районунун Уч-Коргон атайын жатак мектебинин кыргыз тили мугалими:
Ардак грамота менен:
1. Абдыжапаров Болот Шаршеналиевич – Сүлүктү шаарынын мэри;
2. Бабаев Илязбек Дооранбекович – Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары;
3. Калыгулова Зулфия Сууханалиевна – Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын Социалдык өнүктүрүү, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, дене тарбия, спорт, жаштар саясаты секторунун башкы адиси;
4. Джапарова Назира Махаматкуловна – Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы;
5. Мурзалиева Жылдызкан Закиржановна – Кадамжай районунун
«Сары -Алтын» орто мектебинин кыргыз тили мугалими;
6. Жалилова Бермет Мамажусуповна – Архив кызматынын Баткен региондук башкармалыгынын жетектөөчү архивисти;
7. Пирматова Калия Орозалиевна – Баткен облусунун китепканасынын бөлүм башчысы.
Алкыш жарыяланды:
1. Ыкласидинов Жумадил Ыкыбалидинович – "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы" мекемеси Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын юристи;
2. Назирова Айнура Асылбековна – КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Баткен филиалынын кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жетектөөчү адис;
3. Айтбаев Чолпонбай Нурбекович – Баткен шаарынын мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү секторунун адиси;
4. Ашим кызы Каныкей – Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын социалдык-маданий маселелер боюнча башкы адис;
5. Баймуратов Аскарбек Абдилакимович – Баткен шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы;
6. Маканов Данияр Галбаевич – Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы;
7. КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Баткен шаары боюнча башкармалыгы;
8. Кызыл-Кыя шаары «Караван» аймактык башкармалыгы;
9. Баткен мамлекеттик университети;
10. Салам радиосу.