Жалал-Абад облусунун Манас шаарында Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү Толгонай Ахмедова жана Назгүл Шамшыбек кызы катышып, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн Улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды.
“Кыргыз тили” төш белгиси менен:
1. Курбанова Тургунай Курбановна – Жалал -Абад шаарынын мэриясынын жетектөөчү адиси;
2. Салиева Айсалкын Пазыловна – Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары;
Ардак грамота менен:
1. Матназарова Салкынай Абдикеримовна – Базар-Коргон районунун №42 жалпы билим берүүчү мектебинин директору;
2. Шайдилдаева Кундузкан Сатыбалдиевна – Базар-Коргон районунун №38 “Гүлдесте”мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору;
3. Сагынбаев Мирлан Абдиллаевич – Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси;
4. Камчиева Айнура Эсеналиевна – Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси;
5. Эгемова Миргуль Абдикеримовна – Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси.