Ош шаарынын мэриясы тарабынан Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Кутмырза Жакыбалиев катышып, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн Улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды.
“Кыргыз тили” төш белгиси менен:
1. Айдарбекова Масуда Апсаматбековна - Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;
2. Закиров Нурлан Акимжанович – Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы.
Ардак грамота менен:
1. Табалдиева Атыргүл Кичиковна – Ош Мамлекттик Университетинин искусство дана журналистика институтунун улук окутуучусу;
2. Самудинова Рахат Полотовна – Ош шаарынын № 4 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.
3. Байсалова Зина Амираевна – Ош шаарынын № 27 жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
4. Рыспаев Жоомарт Абдилатович – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн адиси;