Мамлекеттик тил күнү Ош облусунда белгиленди

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын   Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Кутмырза Жакыбалиев катышып, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн Улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды.


“Кыргыз тили” төш белгиси менен:


1. Рахманова Аида Азиретовна – Араван  районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары;


Ардак грамота менен:


1. Маматкаримов Ильяз Өмүрбекович - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси.

2.  Адилбекова Жыпаргүл Абдыразаковна – Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын С.Алайчы уулу атындагы орто мекетебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

3. Таев Элдос Ысакович – Өзгөн шаарынын мэри;

4. Тажибаев Данияр Абдимаматович – Ноокат районунун мамлекеттик администрациясына караштуу Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы.


Алкыш жарыяланды:


1. Абдирашитов Базарбек Абиевич –  Кыргыз Республикасы Агартуу министрлигине караштуу Араван районунун билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси.

2. Сулайманова Гулнур Мамытбековна – Өзгөн шаарынын мэриясынын башкы адиси;

3. Н. Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры;

4. Ош облусунун казыяты.



Архив