Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында тил өнөрү боюнча таймаш болуп өтүп, Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Эркеган Желденбаева катышып, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн Улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды.
“Кыргыз тили” төш белгиси менен:
- Тагайматова Бактыгуль Ташкеновна – Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси.
Ардак грамота менен:
- Окенов Эрмек Тологонович – Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;
- Масалбекова Алмагүл Токтосуновна – Манас райондук администрациясынын социалдык маселелер боюнча секторунун башчысы;
- Усенова Үмүт Бейшеналиевна – Талас райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча сектор башчы;
- Орозматова Нурлис Жолдошалиевич – Ч.Айтматов райондук администрациясынын социалдык өнүктүрүү секторунун башкы адиси;
- Сатыбалды кызы Зарина - Талас шаарынын социалдык маселелер боюнча адиси;
- Байбосунова Гулмира Аскарбековна – Бакай-Ата районунун Б.Сатыбеков атындагы кыргыз тили жана адабият мугалими.