Бүгүн, 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужол боюнча иш чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку жана Конституциялык сотторунун судьялары, аппарат кызматкерлери, ошондой эле республика боюнча бардык жергиликтүү сот тутумунун судьялары, аппарат кызматкерлери, мындан тышкары, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин кызматкерлери онлайн режиминде катышты.
Мындан тышкары, соттук отурумдардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик тилде кыргыз тилинде өтүп жаткандыгы өзгөчө маанилүү. Бул - мыйзамдуулукту камсыздоо менен катар, улуттук тилдин, улуттук ой жүгүртүүнүн, кыргыз рухунун сот ишмердигинде үстөмдүк кылып жаткандыгынын далили.
Демек, уңгужолду ишке ашыруу деген бул идеологияны сөз жүзүндө гана эмес, күнүмдүк ишибизде, соттук практикаларыбызда, чечимдерибизде жана жүрүм-турум маданиятыбызда чагылдыруу дегенди түшүндүрөт”, - деп белгиледи Жогорку Соттун Төрагасы.
Андан соң, сөз алган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолдун негизги таянымдары болгон адилеттүүлүк, мыйзам үстөмдүгү – сот бийлигинин ишмердигинде эң биринчи орунда турушу зарыл экендигин белгиледи.
Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу туурасында кеңири баяндама жасады.
Уңгужолдун негизги багыттарына токтолуп, айрыкча мамлекеттик тил багытына токтолуп, мамлекеттик тил мамлекеттүүлүктүн белгиси экендигин айтты.
“ Кыргыз тилинин түрк тилдеринин ичинен айырмаланган өзгөчөлүгү мамлекет курган элдин тили, бир эмес төртүнчү доордун мамлекеттүүлүгүн сүргөн элдин тили, жазуу жараткан тил, азыр тил жаратуучу тил”, - деп белгиледи Мелис Мураталиев.
Кыргыз тилинин улуттук биримдикти бекемдөөдө жана дүйнөлүк маданий мейкиндикке чыгууда ээлеген ордуна өзгөчө көңүл бурду.
Кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү ар бир жаран үчүн ыйык парз экендиги белгиленип, мамлекеттик тилди коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө толук кандуу пайдаланууга шарт түзүү зарылдыгы дагы бир ирет эске салынды.
Иш чаранын соңунда Жогорку Соттун Төрагасы Медербек Сатыев Марат Иманкулов менен Мелис Мураталиевге атайын келип терең мазмундуу баяндама жасап, уңгужолдун маңызын кеңири ачып бергендери үчүн терең ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100 жылдыгы китептерин тапшырды.