2025-жылдын 26-сентябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Жалпы техникалык орусча-кыргызча сөздүктүн бет ачар аземи болуп өттү.
Иш-чарага Аталган окуу жайдын ректору, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, сөздүктүн авторлору жана КМТУнун профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Улуттук комиссиянын төрагасы М.К. Мураталиев мамлекеттик тилде техникалык терминологияны өнүктүрүүнүн маанисине токтолуп, «Кыргыз Республикасында 2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү» программасынын алкагында Улуттук комиссиягы караштуу Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору тарабынан жарыкка чыкканын белгилеп, эмгек жамааттын салымы зор экендигин белгиледи.
Иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик тилде техникалык терминологияны өнүктүрүү, билим берүү жана илимий чөйрөдө кыргыз тилинде колдонулуучу терминдердин бирдиктүү системасын камсыздоо болуп саналат.