Дил баян: “Кыргыз тилим-менин дилим”

Ар бир элди эл кылып турган  эң улуу байлык-бул анын эне тили. Эне тил-ата бабалардан калган мурас, улуттун жүзү, руханий дөөлөтү.  Кыргыз эли үчүн кыргыз тили-ыйык баа жеткис байлык. Биздин ата-бабаларыбыз кыйын замандарда да тилин жоготпой, муундан-муунга өткөрүп сактап келген.

         “Кыргыз тили-менин дилим” деген сөз абдан маанилүү. Дил-бул адамдын жүрөгү, ички жан  дүйнөсү. Ал эми ошол дилди, ички сезимдерибизди тил аркылуу гана билдирип, туюндуруп, жеткире алабыз. Эгерде тил болбосо ойду, бири-бирибизге болгон жактыруу сезимди, кубанычты, кайгы мууңду жеткире алмак эмеспиз. Тил менен дил ажырагыс байланыш. Тил жүрөктүн үнү. Кыргыз тилинде миңдеген макал-лакаптар, терең маанилүү санжыралар, жөө-жомоктор жана көркөм ырлар бар.Алардын ар бири элдин акылмандыгын, жашоо тажрыйбасын жана басып өткөн жолун чагылдырат. “Эне тилин билбеген, эси жогун аныктайт. Эне тилин сүйбөгөн, элин сүйүп жарытпайт” деп Байдылда Сарногоев атабыз айткан сөзү бекеринен болбосо керек. Эне тилин билген, тилин сыйлаган  адам гана өз   эли-жерин   сүйөт. 

         Бүгүнкү күндө дүйнөдө көптөгөн тилдер жоголуп бара жатат. Эгерде биз тилибизди баалабасак, сүйлөбөсөк келечекте аны унутуп коюу коркунучу бар.   Ошондуктан ар бир кыргыз  жараны өз тилин  сүйүп,  аны өнүктүрүп,  нукура адабий тилде таза сүйлөшү керек. Кыргыз тилин мектепте гана эмес үйдөн, күнүмдүк турмушта да,  бала бакчадан, уялбай көчөдөн колдонуу-ар бир жарандын милдети. Мен өзүм эне тилимде сүйлөгөнүмө сыймыктанам. Аткени, кыргыз тилинде  айкындык, көркөмдүк , табигый тазалык бар. Эне тилде ырдап, сүйлөп, ойлонгондо   жан дүйнөм ачылып, өзүмдү эркин сезем. 

Кыргыз тилимди урматтоо-ата-бабамды, элимди урматтоо дегенди түшүндүрөт. Демек, эне тилибизди сактоо-ар бирибиздин ыйык парзыбыз. Биз тилибизди  сактап, өнүктүрүп, кийинки муундарга  мурас кылып өткөрө алсак  анда кыргыз элинин келечеги дагы да жарык болот.  

         Тилибиз-ар бир  элдин өзгөчөлүгү маданияты менен тыгыз байланыштуу. Сүйлөө речибиз аркылуу биз ой жүгүртүүбүздү, сезимдерибизди жана билимдерибизди билдиребиз. Тилибизди сактоо   ата-бабабыздын мурасын  урматтоо жана мекенибизди сүйүү дегенди билдирет.  Мен үчүн  кыргыз тили өзгөчө баалуу. Ал аркылуу мен окуйм, сүйлөйм, ырдайм, чыгармачылык менен   ой жүгүртөм. Тилибизди билүү менен дүйнөнү да жакшы түшүнө алабыз. Ар бир сөзүбүзгө кам көрүү биздин бактыбыз жана сыймыгыбыз. Кыргыз тилимди чын жүрөгүмдөн сүйөм жана сүйүүм чексиз. Башка инсандардын да сүйүүсү чексиз болуп кийинки муунга өткөрүп берүү милдет деп ойлойм. 


Жазган: С. Самсалиев атындагы Жогорку-Аларча жалпы билим берүү орто мектебинин 10-классынын окуучусу Анарбекова Асема Талантбековна

Архив