2025-жылдын 1-октябрында Президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолу Жарлыгынын алкагында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине баяндама жасады.
Иш-чарага Чүй облусунун бардык райондук электр тармактарынын жана электр энергиясын сатуу кызматтарынын жетекчилери, мамлекеттик тил боюнча жооптуу кызматкерлери, ошондой эле Чүй ЭТИнин базасында жайгашкан бөлүмдөрдүн жана өндүрүштүк кызматтардын башчылары менен кызматкерлери катышты.
Иш-чара мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатып, улуттук баалуулуктарды бекемдөөгө багытталды.