«Мыкты кыргыз тили жана адабияты кабинети» кароо-сынагынын шаардык туру жыйынтыкталды
2025-жылдын 6–7-октябрь күндөрү Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-планга ылайык «Мыкты кыргыз тили жана адабияты кабинети» аттуу кароо-сынактын шаардык туру өткөрүлдү.
Бул иш-чаранын максаты — билим берүү уюмдарында кыргыз тили менен адабият сабактарын окутуунун сапатын жогорулатуу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана окутуучулардын чыгармачыл эмгегин колдоо болуп саналат.
Кароо-сынак бекитилген жобонун негизинде уюштурулуп, ага райондук турда 1–2-орундарды ээлеген жалпы билим берүү уюмдары жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары катышышты.
Комиссиянын төрайымы -  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кызматкери  Сооронбаева Айнура Аляскаровна болуп, мамлекеттик тилге талбай салым кошкон агартуучуларга ыраазычылык билдирди.
Жыйынтыгы боюнча:
Жалпы билим берүү уюмдары арасында:
🥇 1-орун — №82 жалпы билим берүү мектеби
🥉 3-орун — №115 жалпы билим берүү мектеби
Мектепке чейинки билим берүү уюмдары арасында:
🥇 1-орун — №22 МЧББУ
🥈 2-орун — №8 МЧББУ
🥉 3-орун — №181 МЧББУ
Архив