Бүгүн 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун катышуусунда “Кыргыз тилинин улуттук корпусу” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү боюнча жумушчу жыйын өткөрүлдү.
Жыйында Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев долбоордун азыркы абалы жана алдыда аткарыла турган иштери тууралуу маалымат берди.
Маалыматка ылайык, учурда корпус платформасынын техникалык жана илимий бөлүктөрү боюнча практикалык иштер расмий түрдө башталды. Жол картасы бекитилип, аткаруучу тараптардын милдеттери так аныкталган.
Жыйындын жүрүшүндө долбоордун мааниси, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө кошкон салымы, ошондой эле маалыматтык технологиялар аркылуу мамлекеттик тилди колдоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү белгиленди.
Маалымат үчүн:
“Кыргыз тилинин улуттук корпусу” – бул кыргыз тилиндеги тексттерди системалаштыруучу, издөө, талдоо жана лингвистикалык изилдөөлөр үчүн ачык платформа болуп саналат.
Долбоор мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана заманбап технологияларга интеграциялоо багытында маанилүү кадам болуп эсептелет.