Бүгүн 15-октябрда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Көөнө сөздөр” аттуу сөздүктүн расмий таанытымы өтүүдө.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, КМУнун ректору, ф.и.д., профессор Айгүл Абдраева, КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, ф.и.д., профессор Самат Жумалиев, профессордук-окутуучулар курамы, аспиранттар жана студенттер катышууда.
Таанытымдын жүрүшүндө сөздүктүн түзүүчүсү, кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын ага окутуучусу Таңсыкай Акматова эмгек тууралуу маалымат берип, сөздүктүн өзгөчөлүктөрүн жана маанисин түшүндүрүп берди.
Сөздүккө рецензент болгон ф.и.д., проф. м.а. Толгонай Сыдыкова жана т.и.к., доцент Назгүл Рысмендеева өз ойлорун жана сунуш-пикирлерин ортого салышты.
Иш-чара КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулууда.
Эскерте кетсек, “Көөнө сөздөр” сөздүгү Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Терминология жана энциклопедия борбору тарабынан жарыкка чыгарылды.