Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Москва шаарындагы мекендештер менен жолугушту
2025-жылдын 17–18-октябрь күндөрү Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана коомдук уюмдардын активисттери менен жолугушту.
Иш-чара «Элдердин маданий жана руханий мурастарын ХХI кылымда сактоо, пайдалануу жана жайылтуу» деген темада өткөрүлүп, ал ВДНХдагы Кыргыз павильонунда жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин имаратында болуп өттү.
Иш-чараны Москва шаарындагы “Мурас” коомунун төрайымы Алима Султанбаева жана ВДНХ Кыргыз павильонунун жетекчиси Аниса Жеенбекова биргелешип уюштурушкан.
Иш-чаранын жүрүшүндө төрага Мелис Мураталиев Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» идеясын кеңири түшүндүрүп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана чет өлкөдөгү мекендештер арасында улуттук баалуулуктарды жайылтуу боюнча комиссия жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Ал өз сөзүндө кыргыз тилин сактоо жана жаш муундарга үйрөтүү улуттук иденттүүлүктүн негизги бөлүгү экенин, бул багытта ар бир мекендештин салымы өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Ал эми, этно дизайнер Асель Калканова кыргыз аялзатынын салттуу кийимдери жана улуттук баш кийим элечек тууралуу кеңири маалымат берип, коноктор үчүн элечек ороо боюнча мастер-класс өткөрдү. Ошондой эле беш көкүл кыздар үчүн даярдалган улуттук стилиндеги кийим коллекциясын сунуштады.
Иш-чаранын соңунда кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө жана тил саясатын илгерилетүүгө кошкон салымы үчүн бир катар мекендештер Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты. 
Алардын катарында “Мурас” коомунун төрайымы Алима Султанбаева, ВДНХ Кыргыз павильонунун жетекчиси Аниса Жеенбекова, жана билим комитетинин координатору Таалайкүл айым бар. 
Бул жолугушуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын биримдигин бекемдеп, улуттук маданиятты жана тилди чет өлкөдө жайылтуу багытындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталды.
Архив