Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов КР Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу алкагында уюштурулган окутууларга активдүү катышкан тренерлерге “УЛУТТУК НАСААТКЕР” дипломдорун тапшырды.
Сыйлык ээлеринин катарында Улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев да бар.
Ал бул наамга өлкөнүн улуттук баалуулуктарды өнүктүрүүдө жана коомдун аң-сезимин чыңдоодо кошкон зор салымы үчүн татыктуу деп табылды.
“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Президенттин демилгеси катары кыргыз элинин руханий мурасын жандандырууну, тарбиялык жана маданий баалуулуктарды коомдук турмушка кеңири жайылтууну максат кылат.