“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгын жайылтууга багытталган окуу курсу Ош облусунда жыйынтыкталды
2025-жылдын 22-24-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгынын мазмунун жана максаттарын кеңири түшүндүрүү, ошондой эле аны ишке ашырууда эл менен болгон өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан Ош облусунда окуу курсу уюштурулду.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, облустук мекеме-уюмдардын кызматкерлери жана жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Бул окуу курста Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев өзүнүн баяндамасында мамлекеттик тилдин улуттук демди сактоодогу жана дүйнөлүк деңгээлге көтөрүүдөгү ордуна өзгөчө көңүл бурду.
Ал эми окуу курсунун жыйынтыктоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов жана КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары – бөлүм башчысы Октябрь Капалбаев Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолугушуу өткөрүштү.
Иш-чаранын соңунда үч күндүк окуу курсунун 54 катышуучусуна тиешелүү сертификаттар тапшырылды.
Архив