Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана эл аралык келишимдеринин долбоорлоруна лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча стандарттын» долбоорун талкуулаган жыйын өттү.
Жыйынга Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев баштаган кызматкерлер, тилчи, филолог, окумуштуулар жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле тегерек столдо Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсесинин департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Милица Иванова да болду.
Аппараттын жетекчиси Алайбек Алымбаев мыйзам чыгаруу ишинде терминдерди бирдейлештирүү, котормону жакшыртуу максатында өткөн жылы Жогорку Кеңештин Тѳрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атайын тескемеси менен мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөнүн эске салып: “Натыйжада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү иштелип чыкты. Жалпысынан колдонуудагы 271 мыйзам жана 16 кодекс талдоого алынып, аларда камтылган 45 миңге жакын терминдер, негизги түшүнүктөр жана туруктуу сөз айкаштары иргелип, ошол сѳздүккѳ киргизилди. Бүгүнкү күндѳ сөздүк Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Терминология комиссиясынын кароосунда турат. Жакынкы аралыкта колдонууга берилет деген ойдобуз”, – деди.
Муну менен катар даярдалып жаткан стандарт мамлекеттик тилди сапаттуу өнүктүрүүнүн реалдуу механизмдеринин бири экенин белгилеген Алайбек Алымбаев: “Мыйзам долбоорлорунун, эл аралык келишимдердин расмий жана мамлекеттик тилдеги тексттери талапка ылайык Жогорку Кеңештин Аппаратынын Котормо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнө келип түшөт. Регламентке ылайык, бөлүмдүн эксперттери ал ченемдик укуктук актылардын туура которулуп, адабий тилдин ченеминде, логикалык жактан ырааттуу баяндалышын, терминдердин туура колдонулушун, стилдик ылайыктуулугун текшерет жана лингистикалык экспертиза жүргүзүп чыгат. Мына ошол иште эксперт-адистердин бирдей чечим, пикирге келүүсү үчүн бул стандарт өтө маанилүү”,– деп кошумчалады.
Ошондой эле аталган стандарт Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишинде эле эмес, жалпы министрликтер жана мамлекеттик мекеме-уюмдар үчүн колдонулуучу пайдалуу нускама болорун билдирген Аппараттын жетекчиси жыйынга катышып жаткан адистерди өз сунуш-пикирлерин берүүгө чакырды.
Катышып жаткан тилчи, окумуштуулар жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдеринин долбоорлорун даярдоодо белгиленген стандарт керектигин айтып, сунуштары менен бөлүштү.
Эскерте кетсек, талкууну Жогорку Кеңештин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмү Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору менен биргелешип, ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин колдоосу менен уюштурду.