Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев AiRUN командасы менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев кыргыз тилин колдогон жасалма интеллект модели AiRUN платформасын иштеп чыккан команда менен жолугушту.
Жолугушууда мамлекеттик тилди санариптик чөйрөдө өнүктүрүү, жасалма интеллект технологияларын жайылтуу жана алдыда тилди өнүктүрүү боюнча биргелешип иш алып баруу маселелери талкууланды.
AiRUN – бул Кыргызстанда иштелип чыккан тил модели болуп, кыргыз тилин түшүнүү жана текст түзүү боюнча эң жогорку тактык көрсөткүчтөрүнө жетишип, модели 58 миллиондон ашуун сөз камтыйт.
Төрага Мелис Мураталиев долбоордун маанисин белгилеп, мындай демилгелер мамлекеттик тилдин заманбап технологияларда кеңири колдонулушуна өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Архив