Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлерине тааныштырды
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде кызматкерлердин руханий-маданий дүйнөсүн байытуу, ошондой эле мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү максатында Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев баяндама жасады.
Төрага Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу боюнча Жарлыгынын мазмуну, максаттары жана коом үчүн мааниси тууралуу кеңири маалымат берип, документтин өлкөдө жүрүп жаткан руханий жаңылануу жараянындагы ордуна токтолду.
Маалыматтык бөлүктүн жүрүшүндө төрага Мелис Мураталиев мамлекеттик тилдин:
 • улуттук өзгөчөлүктү сактоодогу,
 • руханий баалуулуктарды муундарга жеткирүүдөгү,
 • коомдун биригүүсүндөгү,
 • эл аралык деңгээлде өлкөнүн беделин көтөрүүдөгү баалуу ролун белгиледи.
Ал министрликтин кызматкерлерин мамлекеттик тилди күнүмдүк иш жүргүзүүдө, калк менен түз байланышууларда жана расмий документтерде жигердүү жана үлгүлүү колдонууга чакырды.
Иш-чарага министрликтин борбордук аппаратынын жана региондордогу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун практикалык ишке ашырылышы боюнча суроолорун жана сунуш-пикирлерин бөлүшүштү.
Министрлик мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган иштерди мындан ары да системалуу түрдө улантуу ниетинде экенин белгилейт.
Архив