Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде мамлекеттик тилдин абалы талкууланды
КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын иш планынын алкагында министрликтерде жана ведомстволордо Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарынын аткарылышын жана тармактарда тил саясатынын жүзөгө ашырылышын баалоо боюнча жолугушуулар уюштурулууда.
Ушул багытта 2025-жылдын 17-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жыйын өткөрүлүп, транспорт жана жолдорду тейлөө тармагында мамлекеттик тилдин колдонулушу боюнча урунттуу маселелер, анын ичинде жазуу-сызыктардагы каталар талкууланып,  Улуттук комиссия тарабынан бир катар маанилүү сунуштар жана талаптар коюлду.
Төрага Мелис Мураталиев өз сөзүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана кеңири колдонуу иши кенже кызматкерлерден тартып ар бир жетекчиге чейин жекече жоопкерчилик катары каралышы зарылдыгын жана мамлекеттик тилди туура колдонуу мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү сапаттын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири экенин баса белгиледи.
Ошондой эле өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык, республика боюнча жолдорду оңдоо, жаңылоо жана инфраструктураны жакшыртуу иштери жүрүп жатканы коомчулукта оң пикир жаратып жатканын, бирок ошол эле учурда каталар, туура эмес жазуулар жана тил нормаларынын бузулушу боюнча жарандардан кайрылуулар түшүп жаткандыгы айтылды.
Ушундай жагдайлар кийинчерээк мамлекеттик органдардын ишине сын катары бааланбашы үчүн, министрлик бул маселе боюнча жоопкерчиликти күчөтүп, бардык белгилерди, такталарды, маалымат каражаттарын жана расмий жазууларды мамлекеттик тилдин талаптарына толук ылайык келтирүү чараларын көрөрү белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин министри жеке көзөмөлүнө алат деген ишенимин билдирди.










Архив