Баткен облусунда Уңгужол Жарлыгынын алкагында улуттук баалуулуктар жана тил маселелери талкууланды
2025-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгынын алкагында Баткен облусунда кеңири форматтагы жыйын өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ошондой эле Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков катышты.
Жыйында Мелис Мураталиев Уңгужол демилгесинин маани-маңызын кеңири түшүндүрүп, ал кыргыз элинин руханий дүйнөсүн, нарк-насилин, улуттук өзгөчөлүгүн даңазалоонун жаңы идеологиялык баскычы экенин белгиледи. 
Өзгөчө басым мамлекеттик тилдин коомдогу орду, тил саясатынын өнүгүүсү жана аймактарда мамлекеттик тилди активдүү жайылтуу маселелерине жасалды.
Жолугушууда төмөнкү маселелер талкууланды:
-Мамлекеттик тилдин ролу, тилди окутууну жана колдонулушун жакшыртуу боюнча практикалык сунуштар;
-Экологиялык маданиятты жогорулатуу жана Баткен аймагындагы экологиялык кырдаал;
-Улуттук тарбия жана таалим-тарбиянын мазмунун жаңылоо, жаштардын руханий-адептик тарбиясын күчөтүү;
-Мамлекеттик кызматкерлердин адилеттүүлүгү, жоопкерчилиги жана нарктуу жүрүм-туруму.
Жыйындын жүрүшүндө облустагы бардык район-шаарлардан келген өкүлдөр аймактарда аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берип, Уңгужолдо белгиленген багыттарды иш жүзүндө сапаттуу аткаруу үчүн өз сунуш-пикирлерин айтышты.
Иш-чара Баткен облусунда уңгужол идеологиясын тереңдетүүгө багытталган жолугушуулардын алгачкы баскычы, алдыда облус боюнча дагы кеңири масштабдагы талкуулар, түшүндүрүү иштери жана коомчулук менен жолугушуулар өткөрүлөт.










Архив