Мамлекеттик тилди санариптик инфраструктурада өнүктүрүү боюнча кереге кеңеш өттү
Бүгүн, 24-ноябрда Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинде Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы,  министрликтин кызматкерлеринин катышуусунда жумушчу жыйын өттү.
Иш-чара «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын аткарылышы боюнча уюштурулду.
Жыйында мамлекеттик тилдин ролу жана мааниси, айрыкча санариптик чөйрөдө колдонулушу кеңири талкууланды. 
Санариптик кызматтардын, мамлекеттик маалыматтык системаларды жана онлайн-контентти түзүүдө мыйзамдын талаптарын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. 
Ошондой эле, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, терминологияны бирдей колдонуу, санариптик платформалардагы кыргыз тилдүү материалдардын сапатын жакшыртуу боюнча бир катар сунуштар айтылды.
Министрлик мамлекеттик тилди санариптик инфраструктурага кеңири интеграциялоону жана жарандар үчүн түшүнүктүү, жеткиликтүү, сапаттуу мамлекеттик кызматтарды камсыздоо боюнча ишин улантат.
Архив