Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Алматыда өткөн “Жамийла” мюзиклинин бет ачарына катышты

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов башында турган Кыргызстандын делегациясы, анын ичинде КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестинин негизинде коюлган мюзиклдин бет ачарына катышты.

Казакстандын Мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Тынымбайулы Карин өзүнүн расмий кайрылуусунда эки мамлекеттин маданий кызматташтыгы мындан ары да чыңдала берерин белгиледи.  Марат Иманкулов өз кезегинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз жана казак элдеринин руханий байланышын бекемдөөдө өзгөчө ролду ойной турганын баса белгилеп, Кыргызстанда 2028-жыл Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланганын билдирди. 

Ал ошондой эле Алматы шаарында “Жамийла” мюзиклинин коюлушу боордош эки элдин маданий биримдигинин дагы бир белгиси экенин белгилеп, кыргыз чыгармачыл тобуна жана казакстандык уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. 

Мюзикл Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалып, казак көрүүчүлөрүнө тартууланды.

Архив