Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана «Окуу китеби» басма үйү үзгүлтүксүз кызматташат

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана «Окуу китеби» басма үйү үзгүлтүксүз кызматташат


Бүгүн, 1-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К.МураталиевКыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы «Окуу китеби» басма үйүнүн директору Т.А.Аматов менен  кызматташуу боюнча Келишимге кол коюшту.

Бул Келишимдин негизги максаты  мамлекеттик тилде сапаттуу окуу китептерин жана методикалык материалдарды даярдоо, чыгаруу жана билим берүү процессинде колдонуу жаатында үзгүлтүксүз кызматташууну камсыздоо болуп эсепетелет.

Эки тарап документте каралган бардык милдеттерди аткаруу үчүн жооптуу өкүлдөрдү дайындап, өз ара тажрыйба алмашууну, инновациялык ыкмаларды жана стандарттарды колдонуу аркылуу китеп чыгаруунун сапатын жогорулатат.

Бул кызматташтык мамлекеттик тилдеги билим берүү ресурстарын өнүктүрүүгө жана окуучулар үчүн сапаттуу китептерди чыгарууга маанилүү кадам болуп эсептелет.

Архив