Бүгүн, 3-декабрда Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев менен жолугушту.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова, Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары Баркалбас Байтиков, аппарат жетекчиси Азамат Нусупбеков, администрациянын кызматкерлери жана Муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик тилдин сакталышы жана иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүлүшү боюнча райондук администрациянын тил боюнча адисинин маалыматы угулду.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев өз сөзүндө мамлекеттик тилдин орду жана дүйнөлүк таасири, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө жоголуп бараткан тилдер көйгөйү тууралуу жана мамлекеттик тилди байытуу, аны жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча ой-пикирлерин бөлүштү.
Андан сырткары, мамлекеттик тилди санариптештирүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болгон “Айтил” платформасы тууралуу даярдалган презентацияны Мамлекеттик тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын адиси кызматкерлерге тааныштырды.
Жыйын ачык диалог форматында өтүп, катышуучулардын суроолоруна төрага М. Мураталиев жооп берди.