Бүгүн 9-декабрда Бишкек шаарынын Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациясында мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүү жана тил саясатынын аткарылышын талдоо багытында жолугушуу болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Улуттук комиссиянын тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Телекманова Алмагүл жана ошол эле бөлүмдүн жетекөөчү адиси Сооронбаева Айнура, Свердлов районунун акими Медербек Амангелдиев, райондук кызматтардын жетекчиси жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Жолугушуу учурунда Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев мамлекеттик тил мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн негизги факторлорунун бири экенин белгилеп, мамлекеттик органдарда тил саясатын сапаттуу жүзөгө ашыруунун маанисине токтолду.
Свердлов райондук администрациясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жетектөөчү адиси Айгүл Исмаилова район аймагында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча отчеттук маалымат берип, мамлекеттик тилди колдоо жана кеңейтүү багытындагы иш-чаралар менен тааныштырды.
Мындан тышкары Улуттук комиссиянын кызматкери Калмурат кызы Турсунай мамлекеттик тилди үйрөнүүгө арналган санариптик колдонмолор, усулдук көрсөтмөлөр жана практикалык окуу материалдары тууралуу презентация жасады.
Ал материалдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тил билүү деңгээлин жогорулатууга, расмий документтерди туура толтурууга жана күнүмдүк иште мамлекеттик тилди активдүү пайдаланууга өбөлгө түзөт.
Свердлов районунун акими Медербек Амангелдиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иштер 2025-жылда да системалуу улантыларын билдирип, район аймагындагы бардык мекеме-уюмдарда мамлекеттик тилдин сапаттуу колдонулушун камсыздоого багытталган чаралар күчөтүлөрүн белгиледи.