Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев «Кыргыз тили» коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев «Кыргыз тили» коомунун президенти Райымжан Курбанов менен жолугушуп, коомдун ишмердүүлүгү жана аткарып жаткан иштер менен жеринде таанышты.
Жолугушууда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана аны колдоого алуу боюнча коомдун салымы өзгөчө белгиленди.
«Кыргыз тили» коому тарабынан үзгүлтүксүз чыгуучу «Тил жана маданият» гезити өлкөнүн бардык аймактарына жеткирилип, тил маданиятын жайылтууга олуттуу үлүш кошуп келет.
Мындан сырткары коом чет мамлекеттерде жашаган мекендештер менен да активдүү иш алып барып, мамлекеттик тилди колдоо боюнча бирдиктүү аянтча түзүүдө.
Коомдун президенти Райымжан Курбанов алдыда өтө турган мааракелик иш-чараларга даярдыктар жүрүп жатканын маалымдады.
Өз кезегинде төрага Мелис Мураталиев мамлекеттик тил саясатын илгерилетүүдө жарандык коом менен өнөктөштүк маанилүү экенин белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Архив