Бүгүн10-декабрда, Бишкек шаарынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясында мамлекеттик тилдин колдонулушун өркүндөтүү жана тил саясатынын аткарылышын талдоого арналган жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Улуттук комиссиянын тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмагүл Телекманова, бөлүмдүн жетектөөчү адиси Айнура Сооронбаева, Ленин районунун акими Тариел Айтиев, райондук кызматтардын жетекчилери жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө төрага Мелис Мураталиев мамлекеттик тил Мыйзамынын укуктук-базасы чыңдалганын, эми мамлекеттик тилди коргоого эмес, колдоого жана колдонууга муктаж экенин белгиледи.
Жолугушууда райондук администрация тарабынан аткарылган иштер боюнча маалымат берилип, анда мамлекеттик тилди колдоо, документ жүгүртүүнү мамлекеттик тилде жүргүзүү, мекеме кызматкерлерин окутуу жана калк менен кыргыз тилинде байланышты кеңейтүү багытындагы аракеттер баяндалды.
Ал эми Улуттук комиссия тарабынан мамлекеттик тилди үйрөнүүгө багытталган санариптик колдонмолор жана практикалык окуу материалдары тууралуу презентация жасалып, алардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тилди активдүү колдонушуна жардам берерин белгиледи.