Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдоо багытындагы иш-чараларын улантууда.

Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери үчүн “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу темасында агартуучулук лекция өттү. Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов жана мекеменин кызматкерлери катышты.

Лекциянын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин коомдук биримдикти бекемдөөдөгү, улуттук иденттүүлүктү чыңдоодогу жана мамлекеттик кызматкердин кесиптик маданиятын көтөрүүдөгү ролу кеңири талкууланды. 

Улуттук комиссия мамлекеттик тилди күнүмдүк иш кагаздарында, кызматтык мамиледе жана коомдук коммуникацияда туура колдонуу маданиятын өрчүтүү маанилүүлүгүн белгиледи.

Катышуучулар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кылымдык тарыхый мурастары, руханий жана маданий баалуулуктары тууралуу маалымат менен таанышып, бул багыттагы билим ар бир мамлекеттик кызматкердин жеке өсүшү үчүн да зор мааниге ээ экенин баса белгилешти.

Архив