Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев IV Элдик курултайга катышууда
2025-жылдын 25-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултай өз ишин улантууда.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, облустардагы өкүлчүлүктөр жана делегаттар катышууда.
Курултайга 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган 690 делегат, ошондой эле ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү катышууда. Иш-чара эки күнгө созулат.
Курултайдын ишине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев да катышууда.
Архив