Бүгүн, 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Кеңешме органы жыл жыйынтыктоочу отурумун өткөрдү.
Жыйынга Улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев, борбордук аппараттын кызматкерлери, “Кыргызтест” ММ, “Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору” ММ, Окуу-маалыматтык жана котормо борбору, “Кыргыз тили” гезити сыяктуу ведомстволук мекемелердин жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле Кеңешме органдын мүчөлөрү катышты.
Жыйындын биринчи маселеси боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев 2021–2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын аткарылышы тууралуу кеңири маалымат берди. Баяндамада төмөнкү багыттар өзгөчө баса белгиленди:
• мамлекеттик тилди билим берүү, илим, маданият жана мамлекеттик башкаруу тармактарына активдүү киргизүү;
• иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүнүн көлөмүн кеңейтүү;
• жарандардын тилдик компетенциясын жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар;
• мамлекеттик тил боюнча методикалык жана илимий-усулдук материалдарды даярдоо.
Мындан тышкары:
• Улуттук тил корпусун түзүү иштеринин жүрүшү,
• орфографиялык эрежелерди тактоо жана жаңылоо боюнча эксперттик иштер,
• борбордук аппараттагы түзүмдүк жана функционалдык өзгөрүүлөр туурасында маалымат берилди.
Экинчи маселе боюнча Улуттук комиссияга караштуу мекемелердин жылдык иши талданды:
• “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская тил деңгээлин баалоо системасын кеңейтүү, тесттик материалдарды жаңылоо жана аймактардагы борборлордун ишин активдештирүү боюнча маалымат берди;
• “Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун” директору Т.Ө. Осмоналиев жаңы басылмалар, терминологиялык база жана илимий кеңешмелердин жыйынтыктарын сунуштады;
• Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору К. Жумакадырова окуу-методикалык материалдарды даярдоо жана котормо иштерин сапаттуу жүргүзүү багытындагы жетишкендиктерди белгиледи;
• “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору Орозалы Жапар уулу коомчулукта тил маданиятын жайылтуу жана тил саясатын түшүндүрүү боюнча аткарылган иштерди баяндады.
Үчүнчү маселинин алкагында катышуучулар талкуу жүргүзүп, Улуттук комиссиянын 2026-жылга карата иш-чаралар планына конкреттүү сунуштар киргизилди.
Жыйындын соңунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон борбордук аппараттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери Ардак грамоталар менен сыйланды.