Бүгүн 20-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужол жөнүндөгү Жарлыгынын алкагында №98 Байланыш жана маалымат технологиялар кесиптик лицейинин 60 жылдык мааракесине карата “Уңгужол” аталышындагы лекция өткөрүлдү.
Иш-чараны №98 Байланыш жана маалымат технологиялар кесиптик лицейинин директору Сагынбекова Чинара Мелисбековна куттуктоо сөз сүйлөп, лицейдин 60 жылдык тарыхына токтолуп, кесиптик билим берүүдөгү орду, жетишкендиктери жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу маалымат берди.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мураталиев Мелис Казакбаевич окуп, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун мазмуну, улуттук баалуулуктарды сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоодогу мааниси тууралуу кеңири баяндама жасады.
Баяндаманын соңунда катышуучулар тарабынан суроолор берилип, ой-пикирлер айтылып, жандуу талкуу жүргүзүлдү.
Аталган иш-чара улуттук идеологияны жайылтууга, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатууга, ошондой эле кесиптик билим берүүнүн маанисин арттырууга багытталган маанилүү иш-чара катары жогорку деңгээлде өттү.