Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде мамлекеттик тилдин колдонулушу жана билим берүү тармагында аткарылышы боюнча жыйын өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ошондой эле министрликтин кызматкерлери жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын аткарылышы, иш кагаздарын жүргүзүүдө мамлекеттик тилдин колдонулушу, кызматкерлердин тилдик компетенциясын жогорулатуу маселелери, билим берүү уюмдарындагы окутуу жана тарбиялоо тили, окуу китептеринин сапаты, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана ведомстволор аралык кызматташтык маселелери кеңири талкууланды.
Өз сөзүндө Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев тилдин калыптанышы түздөн-түз билим берүү системасы менен тыгыз байланышта экенин белгилеп, бул багытта мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен Агартуу министрлигинин өз ара тыгыз кызматташуусу өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.