“Кыргызтесттин” базасында Эл аралык компьютердик тест пункту ачылды
Бүгүн 30-январда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга караштуу “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин базасында Эл аралык компьютердик тест пунктунун салтанаттуу ачылышы болду.


Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К. Койчиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин, эл аралык National Educational Network (NEN) компаниясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, Жогорку технологиялар паркынын, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Агартуу министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Финансы министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.


Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К. Койчиев “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин базасында Эл аралык компьютердик тест пунктунун ачылышы мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууда, жарандардын тилдик жана билим деңгээлин заманбап, ачык жана эл аралык стандарттарга ылайык баалоодо маанилүү кадам экенин белгиледи.


Өз кезегинде Улуттук комиссиянын төрагасы М.К. Мураталиев жаңы тест пункту “Кыргызтесттин” мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кыргыз тилин билүү деңгээлин объективдүү, санариптик форматта жана эл аралык талаптарга ылайык баалоого шарт түзөрүн белгиледи.
Иш-чаранын алкагында “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская Эл аралык компьютердик тест пунктунун ишмердүүлүгү, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана эл аралык кызматташтыктын алкагындагы негизги багыттары тууралуу презентация жасап, катышуучулар тест тапшыруу процесси менен таанышышты.


“Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин базасында ачылган Эл аралык компьютердик тест пункту жарандарга заманбап талаптарга жооп берген тестирлөө кызматтарын көрсөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде таанылган баалоо механизмдерин ишке ашырууга багытталган.
Архив